Кыргыз-корей кызматташтыгы Сеулда талкууланды

Сеул шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Кореянын тышкы иштер министри Пак Чин менен жолугушуусу өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, жолугушуу Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын жана Борбордук Азия-Корея Республикасы кызматташтык форумунун 15 жылдыгын белгилөөнүн алкагында өттү.

Кулубаев ушул жылы Кыргызстан менен Түштүк Корея эки элдин салттуу достугуна, руханий жана маданий жакындыгына, өз ара жардам көрсөтүү принциптерине жана өз ара пайдалуу кызматташууга негизделген дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилеп жатканын канааттануу менен белгиледи.

"Кыргызстан өлкөлөр ортосунда түзүлгөн достук мамилелерди жана өз ара түшүнүшүүнү жогору баалайт жана урматтайт. Бул мезгилдин ичинде тараптар көптөгөн тармактарда чоң ийгиликтерге жана белгилүү натыйжаларга жетишти", - деди ал.

Саясий диалогду улантуу максатында тараптар өлкөлөр ортосунда бийик жана жогорку деңгээлдеги иш сапарларды уюштуруу зарылдыгын билдиришти. Эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары ошондой эле соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык, саламаттык сактоо жана медицина, билим берүү, экология, туризм, санариптештирүү, инвестицияларды тартуу тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана жигерлентүү маселелерин талкуулашты.

"Министр Кыргызстан менен Түштүк Кореянын соода-экономикалык кызматташтыгынын дарамети чоң келечекке ээ экенин жана Кыргызстан өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү көлөмүн жогорулатууга, тактап айтканда, экологиялык таза продукцияны экспорттоого кызыкдар экенин белгиледи. Ушуга байланыштуу Өнүгүүгө расмий жардам программасынын алкагында ар кандай артыкчылыктуу долбоорлорду илгерилетүүнү сунуштады", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле министр жакынкы жана орто мөөнөттүү келечекте инвестициялык кызматташууну жаңы сапаттуу деңгээлге чыгаруу маанилүү экендигин белгилеп, Кыргызстандагы бизнес чөйрөнү өнүктүрүүдө кыргыз тарап Түштүк Кореянын колдоосуна үмүт арта турганын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Кореянын Тышкы иштер министрликтеринин 2022-2024-жылдарга кызматташуу программасына кол коюу аземи болуп өттү, анда Тышкы иштер министрликтеринин эки тараптуу форматта да, көп тараптуу форматта да өз ара аракеттенүүсүнүн артыкчылыктуу багыттары камтылган.

Жолугушуунун соңунда Жээнбек Кулубаев Пак Чинди Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан