Кыргызстанда соңку бир аптада 65 адам коронавируска чалдыкты

Соңку бир жумада өлкөдө 65 адам коронавирус жуктурганы лабораториялык жактан тастыкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, илдетти жуктургандардын ичинен 14 бейтап ооруканага жаткырылды, 51 адам үйүнөн дарыланып жатат.

Бүгүнкү күндө өлкөдөгү бардык аймактар жашыл зонада.

Жыл башынан бери Кыргызстанда 21 651 адам коронавируска чалдыккан. Ал эми пандемия башталгандан берки аралыкта үч миңдей адам оорудан көз жумган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан