Баткен районунун Паскы-Арык айылынын эли эки айылдашын жоготуп, ызага батып отурганына бир айдан ашты. Бүгүн Жусупбек Нурматовду эскерип, куран окуу үчүн айылдаштары маркумдун үйүнө чогулган. Алар айылдашынын адамдык бийик сапатын, айылын коргоп жатып баатырларча курман болгон эрдигин эскеришти.
Жусупбек Нурматов 54 жашта эле. Ал өмүрүнүн көп жылын миграцияда өткөрүп, чек арада жайгашкан атасынан калган үйүн жаңылаган. Ар дайым чек арага чеп болуп, айылымды коргойм деп айтып келген. Акыркы жылдары мал-жандыктарын сатып ишкерлик менен алектенип жүргөн. Окуя болгон күнү Тажикстандын жарандары маркумдун короосундагы болгон малын айдап кетип калган.
16-сентябрь күнү маркум Жусупбек Нурматов жакындары менен кошо бир нече айылдашын коопсуз айылга жеткирип, айылынан кабар алуу үчүн артка кайтып келген. Тажик тарап айылга танк менен кирип келип, жай тургундарды аткылаган. Тилекке каршы, ага душмандын аткан огу тийип, ооруканага жетпей каза болгон.
Маркум Жусупбек Нурматов үй-бүлөдө балдарына мээрим төгүп, мыкты тарбиясын берген камкор ата болгон. "Неберелерин да өзгөчө жакшы көрүп, эркелетер эле...", - дейт уулу Эркинбек.
Белгилей кетсек, Тажикстандын соңку куралдуу кол салуусунда каза болгон 63 жарандын 48и аскер кызматкери, ал эми 15и жергиликтүү тургандар болгон. Курман болгондордун экөөсү Баткен районунун Паскы-Арык айылынын жашоочулары.