Мамлекеттик салык кызматы 20-октябрда "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын экинчи утушунун жеңүүчүлөрүнө байгелерди тапшырды. Бул тууралуу аталган кызматтан маалымдашты.
Белгилүү болгондой, буга чейин 1-октябрда өткөн лотереяны ойнотуунун жүрүшүндө баалуу байгелердин 38 ээси аныкталган. Бирок лотереянын шарттарын бузгандыгы үчүн 4 байге боюнча жыйынтык жокко чыгарылды.
"Салык кызматынын лотереясынын экинчи туру биринчи тур сыяктуу эле калктын кызыгуусун арттырды.
Талас облусунда жашаган үй кожойкеси Таңсулуу Асанова эң чоң байге – KIA Rio унаасынын ээси болду. Айтымында, жолдошу чогулткан чектер ийгилик алып келерине акыркы убакка чейин ишенген эмес. Башка жеңүүчүлөр да жеңишине кубанышты, анын ичинен 9 адам iPhone 13, 9 катышуучу Samsung A33 смартфонун утуп алышты, калгандары үч микротолкундуу мештин, үч чаң соргучтун, телевизордун, муздаткычтын жана кир жуугуч машинанын ээлери болушту.
Жеңүүчүлөр өлкөнүн дээрлик бардык аймактарынын өкүлдөрү экендиги расмий эмес жүргүзүлгөн сурамжылоонун негизинде аныкталды. Анын ичинде 15 – Бишкек шаарынын, 5 – Чүй облусунун, 4 – Ош шаарынын, 3 – Ысык-Көл облусунун, 3 – Талас облусунун жана бирден Баткен, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын тургундары.
34 жеңүүчүнүн ичинен 6 үй кожойкеси, 4 убактылуу жумушсуз, 3 студент жана 1 пенсионер. Калгандары ар кандай тармактарда эмгектенишет, алардын арасында университеттин, мейманкананын, жеке фирманын, Калкты тейлөө борборунун, Энергетикалык камсыздоонун, Бажы кызматынын, тигүү цехинин, сулуулук салонунун, көмүр кенин иштетүүнүн, соода базасынын, курулуш компаниясынын кызматкерлери бар.
Байгелердин ээлеринин катарында окутуучу, жеке ишкер, видеограф, маркетолог, программист-стажер, айдоочу, жеке фирманын экономисти да бар", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, лотереянын үчүнчү – акыркы утушу 30-декабрда өтөт, анда Бишкектен батир, автоунаа жана башка баалуу байгелер ойнотулат. Лотереяга катышуу үчүн "Салык чек" мобилдик тиркемесин жүктөп алып, каттоо жол-жобосунан өтүп, товарларды же кызматтарды сатып алууда алынган кассалык чектердеги QR коддорун сканерлөө зарыл.