Бүгүн, 24-октябрда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов манасчы Рыспай Исаковду кабыл алды. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Белгилүү болгондой, министр манасчыны "Түркия жумалыгында" 124 саат манас айтып, "Гиннесстин рекорддор китебине" катталганы менен куттуктады.
Ал эми манасчы Исаков министрдин жылуу кабыл алуусуна ыраазычылык билдирип, Маданият министрлигинин колдоосу жана салымы зор экенин баса белгиледи. Өнөр ээлери мамлекет тарабынан колдоого алынышы абдан маанилүү жана алардын демине-дем шыгына-шык бере турганын айтты.