ИИМ: "Мыйзамсыз миграцияга байланышкан укук бузуулар аныкталды"

Ички иштер министрлиги «Нелегал-Кордон» рейдинин жүрүшүндө мыйзамсыз миграцияга байланышкан укук бузуулар аныкталганын билдирди.

Кабарлангандай, өлкө аймагында ички иштер органдарынын аймактык бөлүктөрү тарабынан 10-октябрдан 17-октябрга чейин «Нелегал-Кордон» комплекстүү ыкчам издөө иш-чаралары өткөрүлгөн.

Анын алкагында Кыргыз өлкөсүнүн аймагында миграциялык мыйзамынын чөйрөсү боюнча жалпысынан 296 укук бузуулар аныкталган;

  • чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда белгиленген жүрүү тартибин же эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу же транзиттик эрежелерин бузуусу - 168;
  • Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу – 12;
  • Кыргыз өлкөсүнүн аймагына чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды чакырган же кабыл алган адамдар тарабынан алардын өлкө ичинде жүрүүсүнүн белгиленген тартибин бузуусу - 93. Анда 77 юридикалык жактарга, 16 жаранга карата укук бузуулар жөнүндө протоколдор түзүлгөн;
  • чек арадагы эмгектенген мигранттардын Кыргыз Республикасында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү эрежелерин бузуусу - 19;
  • Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча ишмердүүлүктү уруксаты жок жана уруксатта көрсөтүлгөн шарттарды бузуу менен жүргүзүү - 3. Анда 2 юридикалык жактарга, 1 жаранга укук бузуулар жөнундө протоколдор түзүлгөн;
  • Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузган 1 факты катталган;

Кыргызстандын миграциялык мыйзамын бузуулары үчүн жалпы суммасы 1 миллион 660 миң сом айып пул салынган.

Андан сырткары, бул операциянын жүрүшүндө башка укук бузуулар дагы аныкталган. Анын ичинде, 1 ок атуучу курал алынып, мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү, экстремизмге каршы аракеттенүү багыты боюнча фактылар жана баңги кылмышы аныкталган. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 1 килограмм 40 грамм «марихуана» баңгизаты алынган.

Эл аралык издөөдө жүргөн 3 жаран кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан