Султанбеков Сабырбек Укушович энергетика министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.
Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Жаңы дайындалган министрдин орун басарын эмгек жамаатка энергетика министри Таалайбек Ибраев тааныштырды.