Парламенттин спикери тармактык комитеттердин төрагалары менен жыйын өткөрдү

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин тармактык комитеттеринин төрагалары менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Анда төрага Жогорку Кеңеш башкы өкүлчүлүктүү жана мыйзам чыгаруучу орган катары өз ыйгарым укуктарын так даана ишке ашырышы керектигин белгиледи. Мындан сырткары парламенттин ишинин натыйжалуулугу айрыкча тармактык комитеттерге көз каранды экенин айтты.

"Анткени алар мыйзамдардын жана чечимдердин аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин комитеттери өз ыйгарым укуктарынын алкагында мыйзам долбоорунун даярдалышына жана каралашына өзгөчө көңүл бурушу керек. Бардык маселелердин кароо жараяны жана ченеми талаптагыдай толук сакталышы кажет", – деди Шакиев.

Ошондой эле жолугушууда Жогорку Кеңештин жана тармактык комитеттердин мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүн уюштуруу, анын ичинен мыйзам актыларын сапаттуу даярдоо жана кабыл алуу маселелери талкууланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан