Бишкекте үйлөргө жылуулук качан берилери айтылды

Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөргө, мекемелерге жылуулук 26-октябрдан тарта бериле баштайт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы штабдын жыйынында айтылганын билдирди
"Борбор калаада жылытуу мезгилин 26-октябрда эртең менен баштоо чечими кабыл алынды. Объекттерди туташтыруу бир нече күнгө созулат. Биринчи кезекте мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине, андан кийин мурда керектелген жылуулук энергиясы үчүн карызы жок жана объекттин кышкы шарттарда пайдаланууга даярдыгы жөнүндө актысы бар турак жайларга, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерине бериле баштайт",- деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Saidochka
2022-10-24 21:36:00
Ошко качан берилет экен,билип бергилечи,супер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан