Кара-Суунун Жаңы-Арык айылынын жаштары жалгыз бой энеге үй куруп беришти

Оштун Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айылынын 1996-жылы туулган жаштары жалгыз бой энеге үч бөлмөлүү үй тургузуп беришти. Жалгыз бой эненин эки уулу болсо, анын биринин майыптыгы бар.

Муфтияттан билдиришкендей, мындай демилгени Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн жооптуу имам-хатиби Темирлан Токоев көтөрүп, элди кайрымдуулукка үндөп, жаштарды уюштурган.

Үйдүн курулушуна жалпысынан 935 миң сом сарпталган. Ошондой эле курулушка айыл эли да өз салымын кошуп, жаштарга жардам берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан