Бүгүн Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт. Бул тууралуу Чүй электр ишканасынан маалымдашты.
Кабарлангандай, жарык эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жок болот. Алар: Элебесов, Фере, Ибраимов, Жумабек, Шопоков, Фрунзе көчөлөрүндө, 6-кичи райондо, Алтын-Ордо, Төмөнкү Ала-Арча конуштарында, Гроздь, Байтик, Кара-Жыгач, Сокулук, Жаңы Пахта, Новопокровка айылдарында, Токмок, Кемин шаарлары.
Убактылуу чектөөлөр оңдоп-түздөө иштерине байланыштуу экенин ишканадан кошумчалашты.