
Ош шаарында жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын баары алдыдагы кышкы жылытуу мезгилине толук даяр. Маалыматты шаардык мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, шаардагы үйлөргө жылуулук норманын негизинде берилет.
"Норма боюнча абанын орточо суткалык температурасы 5 күн бою +8 градустан ашпаса, анда керектөөчүлөргө жылуулук берилет. Синоптиктердин айтымында, учурда абанын температурасы күндүз +15, түнкүсүн +7", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөргө, мекемелерге жылуулук 26-октябрдан тарта бериле баштайт.