"Эне тилге эки мүнөт" рубрикабызда "төрт тарабы кыбыла", "төрт түлүгү шай" жана "ак сары башыл" фразеологизмдеринин маанилерине токтолобуз. Жогорудагы туруктуу сөз айкалыштарын кыргыз тили жана адабияты мугалими Нурислам Эргешалиев чечмелеп берди.
Төрт тарабы кыбыла - биринчи мааниси: телегейи тегиз, иши оңунда, бардыгы оюндагыдай, каалаганындай. Мисалы: "Атабектин төрт тарабы кыбыла болду" (Жантөшев).
Экинчи мааниси. Каалаган жагына жол ачык, кайда барсаң өз эркиң, жолуң бош деген мааниде. Мисалы: "Кайда барсаң анда бар, төрт тарабың, кыбыла" («Ала-Тоо»).
Төрт түлүгү шай - Телегейи тегиз, бардыгы бар, шайма-шай, толук, жетиштүү деген мааниде. Мисалы: "Айрыкча атам дүнүйөсү түгөл, төрт түлүгү шай болгондой, кубанганынан чекеси да тердеп кетти" (Жантөшев).
Ак сары башыл - Кокустуктан, катуу кырсыктан аман-эсен калганда Кудайга жалынып, мал атап өткөрүлүүчү түлөө, курмандык. Мисалы: "Берекетти аракет менен таба турган дыйкан эле, кыбыланы карап, Кудай жолуна ак сары башыл атап союшуп, Кудайдан ырайым тилешип, шак кыркын басып киришти" (Касымбеков).