Бишкекте унаалардын газ түтүктөрү текшерилүүдө

Бишкекте абанын булганышына алып келген коомдук транспорттор текшерилип жатат. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалымдалгандай, аталган иш-чара милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү жана мамлекеттик экотехинспекциясынын кызматкерлери биргеликте өткөрүүдө.

"Текшерүү учурунда унаалардан чыккан кара түтүндү кармап калуучу катализатордун жок экендиги да аныкталууда. Анын кесепетинен абаны булгоо менен жарандардын ден соолугуна терс таасирин тийгизип, жөтөл, кан тамыр, жүрөк жана өпкө ооруларына алып келип жатат", - дешти мекемеден.

Белгилей кетсек, мындай көрүнүштөрдү калыбына келтирүү багытында тийиштүү эскертүүлөр берилип, чара көрүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан