Эдил Байсалов индиялык студенттерди куттуктады

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында өткөн Дивали майрамында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Биздин өлкөдө достук мамиледеги Индия өлкөсүнөн келген миңдеген студенттер билим алышат. Бүгүн алар мекенинен алыс жерде Дивали улуттук майрамын белгилөөдө. Биз алардын бул жерде, Кыргыз Республикасында өздөрүн ыңгайлуу сезишин жана биз улуу өлкөнүн маданиятын жана салттарын жогору баалай турганыбызды билишин каалайбыз. Дивали майрамы жамандыкты жакшылык жеңген күндү билдирет. Бул күнү шамдар жана чырактар жагылат. Келгиле, бул күнү билим алуу үчүн биздин университеттерди тандап алган индиялык жаштар менен жакындан таанышып, достук мамилебизди чыңдайлы", - деди Эдил Байсалов куттуктоо сөзүндө.

Иш-чаранын расмий бөлүгүнөн соң Индиянын жарык оттор майрамына арналган концерт өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kulundu
2022-10-25 11:13:00
Индиялыктарды майрамы менен куттуктагычан, Баткенге барып ошол жактагылардын акыбалын корсон болот эле,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан