Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Америка-Кыргыз ишкерлер кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалымдалгандай жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы соода диалогун мындан ары чыңдоо боюнча чаралар талкууланды.
Жапаров белгилегендей, ушул жылдын апрель айында АКШга жумушчу сапарынын жүрүшүндө америкалык бизнес өкүлдөрүнө Кыргызстанга таанышуу сапары менен келүүнү сунуштаган.
Министрлер кабинетинин башчысы бул миссиянын жүрүшүндө америкалык компаниялардын өкүлдөрү Кыргыз өлкөсүнө соода-инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн конкреттүү изилдөөгө жана биздин өлкөнүн ишкер чөйрөсү менен өз ара пайдалуу байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк алат деген ишенимин билдирди.
"Кыргызстан инвестиция үчүн ар дайым ачык. Учурда министрлер кабинети бизнес үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү саясатын жүргүзүп жатат. Өлкөдө чет элдик инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча либералдуу мыйзам базасы түзүлдү", - деп белгиледи Акылбек Жапаров.
Мындан сырткары президент "Креативдик индустриялар паркы жөнүндө" мыйзамга кол коюп, биздин республика мындай документти кабыл алган дүйнөдөгү биринчи мамлекет болуп калгандыгын кошумчалады.
Өз кезегинде Америка-Кыргыз ишкерлер кеңешинин өкүлдөрү уюмду түзүүнүн негизги максаты эки өлкөнүн ортосундагы ишкер мамилелерди өнүктүрүү болуп саналат деп белгилешти.
"Америка-Кыргыз ишкер кеңешинин курамындагы өкүлдөр – Кыргызстандын шериктери. Биз эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого багытталган демилгелерди колдоого даярбыз", - деп жыйынтыктады Америка-Кыргыз ишкер кеңешинин төрагасы Филип де Леон.