"Тирүү болушу мүмкүн". Дастан Анарбековдун апасы Тажикстандагы элчиликтен жардам сурады

Дайынсыз жоголгон аскер кызматкери Дастан Анарбековдун апасы Сауле Иманалиева Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаевден уулун табууга жардам берүүнү суранды. Маалыматты SUPER.KG порталына Дастандын эжеси Нурила Субанбердиева тастыктады.

"Дастанга окшош адамды Тажикстандын аймагында көргөндөр бар экен. Бизге түз чалып эч ким айткан жок. Бирок башкалардан мындай маалыматтарды угуп жатабыз. Ошон үчүн Тажикстандагы элчибизге кайрылып, жардам сурап жатабыз", - дейт Дастандын эжеси.

Ал эми дайынсыз болуп жаткан аскердин апасы Сауле Иманалиева: "Президенттен жана УКМКнын жетекчисинен уулумду издөөнү токтотпоону суранабыз. Ал эми Кыргызстандын Тажикстандагы элчисинен Тажикстан Республикасынын аймагынан Дастанды издөөгө көмөктөшүүнү суранам", - деп жазган кайрылуусунда.

Баткендин Достук айылындагы чек ара тозотунун жетекчисинин орун басары болуп иштеп жаткан Дастан Анарбеков 17-сентябрдан бери дайынсыз.

Ал ушул жылы Бишкектеги Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскер окуу жайын аяктап, Баткенге иштөө үчүн барган.

14-16-17-сентябрь күндөрү Тажикстандын агрессиясынан кийин Дастандын ата-энесине анын курман болгонун угузуп, кара кагаз беришкен. Бирок ушул күнгө чейин анын сөөгү келе элек.

Бирок ушул жылдын 5-октябрь күнү УКМК бронежилет кийген аскер кызматкеринин сөөгү табылганын, дене сыртынын 90 пайыздан ашыгы жабыркагандыктан анын аты-жөнүн дароо тактоо мүмкүн болбогонун билдирген. Жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертиза табылган дене дайынсыз жоголгон Дастан Анарбековго таандык болушу мүмкүндүгүн аныктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан