Бүгүн, 25-октябрдан тарта Ош шаарында Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду аркылуу алынган 50 жаңы автобус каттамга чыкты. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бардык автобустар төрт автобустук маршрут боюнча бөлүштүрүлдү.
Жаңы автобус каттамдары:
№10 автобус линиясы - “Амир-Тимур” МАБдан (Он-Адыр кичи району) шаардык төрөт үйүнө чейин каттайт;
№9 автобус линиясы - “Туран” МАБдан (Түштүк кичи району) Ак-Тилек кичи району аркылуу борбордук базарга чейин каттайт;
№53 автобус линиясы - Жапалак айыл аймагына караштуу Мээркан айылынан борбордук базарга чейин;
№6 автобус линиясы - Жапалак айыл аймагына караштуу Соколок айылынан Түштүк-Чыгыш кичи районуна чейин (Курманжан Датка МАБ).