Бишкектин Жусуп Абдрахманов жана Байтик Баатыр көчөлөрүндө жарык берүүчү светодиоддук чырактарды сары жарыкка алмаштыруу иштери башталды.
Калаа бийлигинен билдиришкендей, светодиоддук чырактар Орусиядан чыгарылган. Кубаттуулугу 200 Вт.
"Аталган лампалар айдоочулардын көзүн чарчатпайт жана алардын түсү нейтралдуу сары түстө.
Тышкы жарыктандыруу тармактарын реконструкциялоо иштери улантылууда", - деп жазылат маалыматта.