Садыр Жапаров Балыкчы – Кочкор - Кара-Кече темир жолунун курулушу менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда Балыкчы – Кочкор - Кара-Кече темир жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Маалыматта жазылгандай, Жапаров курулуштун жүрүшү менен таанышып чыгып, талап кылынган сапат стандарттарын сактоо менен бирге иштин темпин басаңдатпоону тапшырды.

Жыл соңуна чейин 5 чакырым жолду аяктоо пландалууда. Учурда иштин 85 пайызы – 4,5 чакырым жол тилкесин түптөө иштери бүттү. Ал эми 3,7 чакырым жол тилкесине рельстер орнотулган. Мындан сырткары чет элдик инвестиция тартуу боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Ошондой эле мамлекет башчы Чүй облусунун Кемин районундагы ишке киргизүүгө даярдалып жаткан темир жол шпалдарын чыгаруучу ишкананы көрүп чыкты.

Ишкананын курулуш иштери ушул жылдын май айында башталган. Ноябрда бардык зарыл жабдууларды орнотуу иштерин бүткөрүп, декабрь айында жогорку сапаттагы шпалдарды чыгарып баштоо мерчемделген. Өндүрүштүн күтүлгөн кубаттуулугу – айына 6-8 миң даана шпал чыгаруу.

Ишкананын продукциясы ички рыноктун, анын ичинде Балыкчы – Кочкор - Кара-Кече темир жолунун курулушу учурунда шпалга болгон муктаждыкты жаба алат.

Мурда өлкөдө темир жолдорду оңдоодо чет өлкөлөрдөн материалдар алынып келсе, эми оңдоп-түзөөдө жана куруу иштерине атамекендик өндүрүштөгү шпалдарды колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул өз кезегинде баанын төмөндөшүнө алып келет. Ишкананын планында тышкы рынокко дагы чыгуу, өз продукциясын — шпалдарды үчүнчү өлкөлөргө экспорттоо бар.

Жапаров өлкө үчүн социалдык-экономикалык мааниси зор болгон Балыкчы – Кочкор - Кара-Кече темир жолун куруу боюнча улуттук долбоорду ишке ашыруунун зарылдыгын эске салды.

Долбоорду ишке ашырып, андан ары Жалал-Абад облусуна темир жол төшөө менен өлкөнүн түндүк жана түштүк аймактары темир жол каттамы аркылуу бириктирилет.

Келечекте Балыкчы – Кочкор - Кара-Кече багытындагы темир жолду долбоорлонуп жаткан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу менен туташтыруу пландалууда.

Мындан тышкары, Балыкчы – Кочкор - Кара-Кече темир жолунун курулушу менен аймактардын калкын жана Бишкек ЖЭБин күзгү-кышкы жылытуу мезгилинде отун менен камсыз кылууда Кара-Кече кенинен көмүр ташуунун чыгымы азаю мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Эске салсак, бул Кыргызстандын эгемендик жылдарындагы алгачкы темир жол курулушу болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан