Бакуда азербайжан сүрөтчүлөрү тарткан Кыргызстандын сүрөттөрү көрсөтүлдү (фото)

Кечээ, 24-октябрда Баку шаарында «Кыргызстан азербайжан сүрөтчүлөрүнүн көзү менен» аттуу сүрөт көргөзмөсү болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.

Иш-чара эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата Кыргызстандын Азербайжандагы элчилиги жана Азербайжандын Сүрөтчүлөр союзунун атынан Эльнура Исгендерова тарабынан уюштурулган.

Билдирүүгө ылайык, көргөзмөгө конок катары эл аралык түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Гүнай Эфендиева, Казакстан, Түркмөнстан, Беларусь, Япония, Венгрия мамлекеттринин элчилери, ТүркПАнын Баш катчысынын орун басары, Азербайжан маданиятынын өкүлдөрү, артисттер, ырчылар, жазуучулар, искусство окуу жайларынын студенттери, ошондой эле Баку шаарынын тургундары катышты катышты.

"Көргөзмөгө профессионал сүрөтчүлөрдүн, ошондой эле Азербайжандын Сүрөтчүлөр союзунун алдындагы чыгармачылык ийримдерге тартылган таланттуу балдардын 122 эмгеги коюлган. Эмгектер көргөзмөгө келгендер тарабынан жогору бааланып, Кыргызстандын Азербайжандагы элчилигинин дипломдору, эстелик сувенирлери менен сыйланышты. Сүрөтчүлөрдүн эмгектеринде кыргыз элинин маданияты, каада-салты чагылдырылган, жазуучуларыбыздын чыгармаларынын сюжеттери, пейзаждарда кыргыз жеринин жаратылышынын кооздугу, портреттерде улуттук кийимдердин өзгөчөлүктөрү орнаменттери чагылдырылган.

Кыргызстандын элчиси К.Осмоналиев бул иш-чара эки дос өлкөнүн маданиятынын жакындашына жана элдерибиздин ортосундагы достуктун мындан ары да чыңдалышына өбөлгө болору шексиз деп белгиледи", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан