Бишкекте өткөрүлгөн эки күндүк рейддин жыйынтыгында мыйзамсыз орнотулган батуттар алынды. Бул жөнүндө шаардык мэриядан билдиришти.
Анда айтылгандай, Курманжан Датканын эстелигинин жанындагы, "Ала-Тоо" аянтындагы, ошондой эле Эмен паркындагы 3 батут, 4 динамометр, 1 муздаткыч, 3 оюн жабдыктары алынды.
Буга катарлаш Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрынын жанындагы уруксатсыз орнотулган тосмолорду, бастырмаларды алуу иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле «Бишкекжарык» ишканасынын адистери «Ала-Тоо» кинотеатрынын артындагы 300 метрге жакын мыйзамсыз зымдарды кесишти.