7 миллионунчу Жакшылыктын ата-энесине миллион сомдук сертификат берилди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өлкөнүн 7 миллионунчу жараны Жакшылыктын ата-энеси Валижан жана Айжаркын Абдрасуловдор менен жолугушту.

Анда президенттин атынан 7 миллионунчу жаранга 16 жашка чыкканда 11,5 миллион сомго жакын суммадагы каражат топтолчу депозиттик эсеп ачуу үчүн 1 миллион сом суммасындагы сертификатты тапшыруу аземи орун алды.

Ошондой эле наристенин ата-энеси 200 миң сомдук сертификат алат.

Мындан тышкары өлкөнүн 7 облусунан жана Бишкек шаарынан жети миллионунчу кыргызстандык менен бир мезгилде төрөлгөн 8 ымыркайдын ата-энелерине да 200 миң сомдон берилет. Балдардын ата-энелерине көрсөтүлгөн суммага сертификат жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан берилет.

Жакшылыктын ата-энеси Валижан Абдурасулов менен Айжаркын Сыраждинова Баткендин Кызыл-Кыя шаарында турушат. Жакшылыктын төрөлүшү менен алар эки уул, эки кыздын ата-энеси болушту.

Ымыркайга Жакшылык деген ысымды мамлекет башчы Садыр Жапаров ыйгарган.

Наристенин депозиттик эсебине мамлекеттен 1 миллион сом которулуп, ал аны жашы жеткенде өз муктаждыгына колдоно ала турганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан