Кыргызстандын мамлекеттик “Айыл-банк” банкы Орусиянын “Мир” төлөм системасынын карталарын тейлөөнү токтотту. Бул тууралуу аталган банктын расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, "Айыл банк" Орусиянын "Мир" төлөм карталарын тейлөөнү бүгүн, 25-октябрдан баштап токтотту. Буга техникалык көйгөйлөр себеп болгон.
Буга чейин Кыргызстандын беш коммерциялык банкы "Мир" карталарын тейлөөнү токтоткону белгилүү болгон. Ошентип "Айыл банк" Орусиянын төлөм системасынын карталарын тейлөөнү токтоткон биринчи толук мамлекеттик банк болуп калды (акцияларынын 100 пайызы мамлекетке таандык).