Жакшылык менен бир мезгилде төрөлгөн 8 ымыркайдын ата-энелерине 200 миң сомдон берилет

Жети миллионунчу кыргызстандык менен бир мезгилде төрөлгөн 8 ымыркайдын ата-энелерине да 200 миң сомдон берилет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.

Кыргызстандын жети миллионунчу жараны Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрда жарыкка келген. Ал салмагы 3,9 килограмм, бою 54 сантиметр болуп төрөлгөн. Ымыркайга Жакшылык деген ысымды өлкө башчы Садыр Жапаров ыйгарган.

Наристенин депозиттик эсебине мамлекеттен 1 миллион сом которулуган. Анын эсебинен 7-миллионунчу жаран 16 жашка чыкканча 11,5 миллион сомго жакын суммадагы каражат топтолору маалымдалды. Мындан тышкары, наристенин ата-энеси 200 миң сомдук сертификат алат.

Ошондой эле өлкөнүн 7 облусунан жана Бишкек шаарынан жети миллионунчу кыргызстандык менен бир мезгилде төрөлгөн 8 ымыркайдын ата-энелерине да 200 миң сомдон берилет. Балдардын ата-энелерине көрсөтүлгөн суммага сертификат жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан берилери кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Руслан
2022-10-25 20:19:00
Кыргызым көбөйө берсин!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан