Кечээ, 25-октябрда Бишкек шаарында чөп үстүндө ойнолуучу хоккей спорту боюнча федерация түзүлүп, расмий ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Улуттук олимпиада комитетинен билдиришти.
Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары-Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, спорт ишмерлери, Кыргызстандагы спорттук федерациялардын өкүлдөрү жана спортчулар катышты.
Ачылыш аземдин жүрүшүндө Казакстандан келген хоккейчилер көргөзмө оюн көрсөтүшүп, жергиликтүү оюнчулар менен мелдеш өткөрүштү.
Федерациянын президенти болуп, аталган федерациянын түптөгөн Кубан Атагараев дайындалды.
Белгилей кетсек, Эл аралык хоккей федерациясынын курамына 126 өлкөдө катталган. Ошондой эле 1908-жылы жайкы олимп оюндарынын тизмесине киргизилген.