Корея Кыргызстанга 4 "Тез жардам" унаасын жана атайын жабдууларды берди (фото)

Корея Кыргызстанга 4 "Тез жардам" унаасын жана медицина кызматкерлери үчүн атайын жабдууларды берди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай "Тез жардам" унаалары жана атайын жабдуулар Кыргызстандын элчилиги менен Кореянын Өрткө каршы улуттук агенттигинин ортосунда жетишилген макулдашуулардын негизинде Кёнгидо провинциясы тарабынан берилди. Иш-чарага Кыргызстандын элчиси Аида Исмаилова катышты.

Салтанаттын жүрүшүндө элчи өзгөчө кырдаалдарга натыйжалуу чара көрүү үчүн техникалык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык айтты.

"Кыргызстан өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча Кореянын Өрткө каршы кызматынын алдынкы тажрыйбасын жана өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча заманбап технологияларын эске алуу менен өрт коопсуздугу жаатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистерин даярдоо боюнча кызматташууну улантууга кызыкдар", - деди ал.

Өз кезегинде Кёнгидо провинциясынын Өрткө каршы кызматынын эсеп бөлүмүнүн башчысы Ким Сёнву Корея Кыргызстандын Өрткө каршы кызматы менен кызматташууну тереңдетүүгө ниеттенип жатканын, ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери үчүн заманбап өрт өчүрүүчү жана "Тез жардам" унааларын колдонуу боюнча окууларды уюштуруу ниетин белгиледи. Ал көрсөтүлгөн техникалык жардам Кыргызстанга бекер жеткириле турганын билдирди.

Белгилей кетсек, 2021-жылы Кыргызстандын Кореядагы элчилигинин көмөгү менен Кореянын Өрткө каршы кызматы тарабынан 2 "Тез жардам" унаасы жана 2 өрт өчүрүүчү унаа ӨКМге тапшырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан