Бүгүн, 26-октябрда "Jannat Resort Кой-Таш" мейманканасында Акыйкатчы институтунун 20 жылдыгына карата "Адам укуктарын коргоодогу Акыйкатчы институтунун ролу" аттуу эл аралык илимий-практикалык жыйын өтүп жатат.
Иш-чара алгач Баткен облусунда Тажикстандын куралдуу кол салуусунан курман болгондорду 1 мүнөттүк эскерүү менен башталды.
Андан соң өлкө гимни жаңырып, Акыйкатчы институтунун акыркы жылдары аткарылган иштери жана аталган институттун коомдогу ордун баяндаган кыскача видеоролик көрсөтүлдү.