Акыйкатчы институтунун жыйынына Эдил Байсалов келди

Бүгүн, 26-октябрда "Jannat Resort Кой-Таш" мейманканасында Акыйкатчы институтунун 20 жылдыгына карата "Адам укуктарын коргоодогу Акыйкатчы институтунун ролу" аттуу эл аралык илимий-практикалык жыйын өтүп жатат.

Акыйкатчы институтунун 20 жылдыгы менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев куттуктап, аталган институттун коомдогу орду маанилүү экенин баса белгилеп, мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Эдил Байсалов Акыйкатчы институтунун жардамына муктаж болгон адамдар көп экенин, аларга ар тараптуу жардам берүүдө институтка мамлекет тарабынан да жетиштүү колдоо көрсөтүү улантыларын баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан