Акыркы күндөрү Баткенде чек арага жакын жайгашкан айылдарда үйлөрүн сатыкка койгондор көбөйүп жатат. Бул тууралуу парламенттин бүгүнкү жыйынында депутат Султанбай Айжигитов билдирди.
"Бул жакшы көрүнүш эмес, эгерде тез аранын ичинде көңүл бурбасак, анда ал жерде эч ким калбай калат", - деди эл өкүлү.
Ошондой эле ал Баткен районундагы Капчыгай айылында курулуш иштерине акча бөлүнүп, куруучу компания тандалып алынганына карабай, курулуш башталбай тургандыгын сынга алды. Ал президент жана министрлер кабинетинин төрагасы кыйраган үйлөр эки айда калыбына келтириле тургандыгын айтышканын эске салды.
"Акчасы бөлүнгөн. Акча бөлүнсө дагы бир айдан бери иш башталбай турат. Бообек деген бирөө бар экен, ал аткаруучу компания катары утуп алыптыр. Ал курулушту куруу үчүн башка компанияга бериптир. Ал компаниясы дагы башка компанияга бериптир. Кыскасы, булар бир айдан бери соодалашат экен. Качан баштайбыз ишти? Ушуну көңүлгө алып койсоңуздар", - деди Айжигитов.
Депутат Баткен облусунда Коргоо министрлигинин бир гана абадан коргонуу бөлүмү жайгашканына токтолду. Башка чек арачылардын айлыгы көтөрүлүп, аталган бөлүмдө иштегендердин айлыгы көтөрүлбөй калгандыгын айтты.
"Бул аскер кызматкерлеринин эмес, элдин талабы. Жергиликтүүлөр алар кетип калса кандай болот деп, санааркап жатышат. Аларды ошол аймакта кармап калуу үчүн айлык маселесин караш керек", - деди эл өкүлү.
Айжигитов айтылган үч маселе боюнча протоколдук тапшырма берүүнү суранды.