Бүгүн Бишкекке жылуулук берүү башталды

Бүгүн, 26-октябрда Бишкек шаарындагы объектилерге жылуулук бериле баштады. Бул тууралуу Бишкек жылуулук электр борборунун башкы инженери Павел Иконников билдирди.

"Бишкек ЖЭБи күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даяр. Дүйшөмбү күнү шаардык мэрияда штабдын жыйыны болду. Анда бүгүндөн баштап калаага жылуулук берүү чечими кабыл алынды. Ага ылайык, бүгүндөн баштап объектилерди параметрлер боюнча жылуулукка кошуп баштадык. Алгач ооруканалар, бала бакчалар, мектептер жылуулукка кошулат. Андан соң турак жайлар", - деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек ЖЭБинде журналисттерге ишкананын иш процесстерин көрсөтүү үчүн пресс-тур уюштурулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан