Бүгүн, 26-октябрда төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы КМШга мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын кезектеги жыйындарына катышуу үчүн Өзбекстандын Самарканд шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, иш сапардын алкагында төрага Шакиев КМШ ПАА Кеңешинин жыйынына катышып, Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн парламент башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү күтүлүүдө.
Ошондой эле иш-чаранын программасында КМШ ПААнын 54-пленардык жыйыны, Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда Туруктуу комиссияларынын отуруму, ошондой эле Чыңгыз Айтматов атындагы КМШ ПААнын сыйлыгын тапшыруу аземи камтылган.
Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында депутаттар Искендер Матраимов, Аида Исатбек кызы, Алишер Козуев, Арсланбек Малиев, Жусупбек Коргонбай уулу, Жылдыз Таалайбек кызы жана Талайбек Масабиров бар.