Бишкекти жылуулук менен камсыздоого канча тонна көмүр керектелери айтылды

Бишкек шаарынын тургундарын кышында жылуулук менен толук камсыз кылуу үчүн 1,5 миллион тонна көмүр керектелет. Бул тууралуу Бишкек ЖЭБдин башкы инженеринин орун басары Нурлан Кулжигачев билдирди.

Анын айтымында, учурда күн сайын "Кыргыз көмүр" ишканасы 3-4 миң тоннага чейин көмүр түшүрүп жатат.

"Бүгүнкү күндө Бишкек ЖЭБдин кампасында 257 миң тоннадан ашык көмүр бар. Кампага 350 миң тоннага чейин көмүр батат. Быйыл күз-кыш мезгилине 1 миллион 100 тонна көмүр жергиликтүү ишканадан, 400 миң тонна көмүр импорттук негизде алуу пландалган. Азыркы учурда күн сайын "Кыргыз көмүр" ишканасы 3-4 миң тонна көмүр түшүрүп жатат. Ал эми импорттук көмүр 1-ноябрдан баштап келе баштайт.

Учурда бир күндүк керектөө 4,5 миң тоннанын тегерегинде көмүр сарпталат. Ал эми кыштын суук күндөрү 7-8 миң тоннага чейин керектелет", - деди Кулжигачев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан