Президент Садыр Жапаров эртең, 27-октябрда Казакстанга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалымдалгандай, сапардын алкагында мамлекет башчысы Астана шаарында Борбор Азия жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн лидерлеринин биринчи жолугушуусуна катышат.
Анда Борбор Азия жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн лидерлери саясат, соода, транспорт, экология, коопсуздук чөйрөсүндөгү жана башка эл аралык айдыңдын күн тартибинде турган актуалдуу темалар боюнча кызматташуу маселелери талкууланат.
Мындан тышкары Садыр Жапаров жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
"Иш сапарынын алкагында ошол эле күнү кечинде президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Казакстандагы Маданият күндөрүнүн ачылыш аземине катышат", - деп айтылат маалыматта.