Бишкекте троллейбустун мыкты айдоочусу аныкталды (фото)

“Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасында "мыкты айдоочу" кароо сынагы өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган ишкананын басма сөз катчысы Гүлкайыр Абдиманнап кызы билдирди.

Маалым болгондой, мелдештер башкармалыктын автобазасынын полигонунда өткөрүлдү. Жеңүүчү эки этап менен тандалды. Биринчи бөлүктө айдоочулар жол эрежесин, кызматтык нускамаларды жана техникалык маселелерди билүү боюнча тест тапшырышты. Теориялык негиздерден өткөндөн кийин айдоочулар тосмо жолдон өз өнөрлөрүн көрсөтүшүп, троллейбусту айдоо чеберчилигин көрсөтүштү.

Сынактын негизги максаты - жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жана маданиятын жогорулатуу, ишенип берилген техниканы жана жүргүнчүлөрдү сыйлоо болуп саналат.

"Мелдештин катышуучулары үчүн бул алардын кесиптик чеберчилик деңгээлин жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет. 1-2-3-орундарды ээлеген айдоочулар автоматтык түрдө биринчи класстык даражага өтүшөт", - дейт Абдиманап кызы.

"Мыкты троллейбус айдоочусу" деген наам үчүн 14 айдоочу күрөштү. Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду №7 троллейбустук каттамдын айдоочусу жана бригадири Мирлан Огонбаев, 2-орунду №10 каттамдын айдоочусу жана бригадири Нургазы Жумадилов, 3-орун №8 каттамдын айдоочусу Жумабек Кендирбаев ээледи.

Сынак 28-октябрь автотранспорт жана жол кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан