Астанада кыргыз киносунун күндөрү расмий ачылды (фото)

Бүгүн, 26-октябрда Астана шаарында Кыргыз өлкөсүнүн маданият күндөрүнүн алкагында кыргыз киносунун күндөрү расмий ачылды.

Кабарлангандай, ачылышка эки өлкөнүн кино ишмерлери, Астанада жашап жана иштеп жаткан мекендештер жана жалпы кыргыз киносунун күйөрмандары катышты.

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, кино күндөрүнүн делегация жетекчиси Мукталы Бектеналиев жана Казакстандын Маданият жана спорт вице-министри Нуркиса Дауешов сөз сүйлөдү.

Анда эки өлкөнүн ортосундагы алмустактан келе жаткан кино ишмерлеринин чыгармачылык байланышы айтылды. Ошондой эле соңку жылдары эки өлкөнүн маданият жана кинематография жаатындагы жигердүү өнүгүп жаткан мамилелери даңктуу тарыхка ээ экендиги белгиленди.

Кыргыз киносунун күндөрү 29-октябрга чейин уланып, Астана шаарындагы "Керуен" оюн-зоо соода комплексинини кино залында өтөт. Кинолор күнүнө эки ирет, саат 12:00 жана 19:00дө акысыз көрсөтүлмөкчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан