Көпчүлүк аймакта жаан жаайт. 27-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 27-октябрда көпчүлүк аймакта жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдайт.

Кабарлангандай, 27-октябрга караган түнү Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

"Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт", - деп айтылат билдирүүдө.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +2…+7, күндүз +5…+10,

Талас облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +4…+9,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +8…+13,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +6…+11,

Нарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +9…+14.

Бишкек шаарында жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +7…+9 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан