Кой-Ташта коомдогу орчундуу маселелерди камтыган эл аралык конференция өтүүдө

Бүгүн, 26-октябрда "Jannat Resort Кой-Таш" мейманканасында Акыйкатчы институтунун 20 жылдыгына карата “Адам укуктарын коргоодогу Акыйкатчы институтунун ролу” деген темада Эл аралык илимий-практикалык конференция өтүп жатат.

Эл аралык илимий-практикалык конференцияда адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо маселелеринде адам укуктары боюнча Улуттук Институттардын - Омбудсмендердин бийлик бутактары жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүүсүнүн өзгөчөлүктөрү талкууланууда.

Мындан тышкары конференцияда Борбор Азиянын, Орусиянын, Азербайжандын, Түркиянын жана Молдованын Акыйкатчыларынын адам укуктарынын төмөнкү тармактарда сакталышы боюнча баяндамалары орун алууда.

- маалымат жана санариптик коопсуздук чөйрөсүндө;

- ишкердик иш-аракет жаатында жагымдуу айлана-чөйрө шарттары;

- мигрант балдардын укуктарын коргоодо Омбудсмендердин өз ара аракеттенүүсү;

- гендердик теңчиликке көмөк көрсөтүү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Орусия Федерациясынын, Молдова Республикасынын Омбудсмендери менен кызматташуу боюнча меморандумдарына кол коюу мерчемделүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан