Бишкек, Ош шаарында жана Баткен облусунда мектеп директорлорунун бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөө 21-22-октябрда өткөн.
Министрлик конкурстун жеңүүчүлөрүнүн тизмесин бекитти.
"Бишкек жана Ош шаарларынын, Баткен облусунун райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башкармалыктарынын жетекчилери 3 жумушчу күндүн ичинде конкурстун жеңүүчүлөрүн директорлук кызмат ордуна дайындап, 5 жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт", - деп жазылат маалыматта.
Сынактын жеңүүчүлөрүнүн тизмеси шилтемеде.