SUPER.KG порталы ар бир кесиптин ээлеринин иш учурундагы башынан өткөргөн, өмүр бою эсинен кетпей турган окуяларын баяндоону улантат. "Бишкек троллейбус башкармалыгы" муниципалдык ишканасынын айдоочусу Мирлан Огомбаев кызматындагы кызыктуу окуяларын баяндайт.
Мирлан Огомбердиев 1989-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунда жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөлүү. Ал башкармалыкта башка айдоочулардан өзүнүн жүрүм-туруму менен айырмаланып турат. Ошол себептен 7-маршруттун бригадири болуп шайланган.
"Борбор калаада троллейбус айдаганыма быйыл 4 жылдын жүзү болуп калды. Ошондо 2018-жылдан бери бул тармакта иштеп келе жатам", - дейт маектешим.
Каарманыбыз троллейбус айдап иштеп калганын мындайча баяндайт.
"Негизи таң калычтуу болушу мүмкүн, бирок мен жаш кезимден эле троллейбус айдоон кыялданчу элем. Башка балдарга окшоп, депутат же милиция кызматкери болом деген жокмун. Эмнегедир троллейбус айдаганымды элестете берчүмүн. Ошол себептен атайын 20-лицейде окуп, 28 жашымдан баштап троллейбус айдоочусу болуп иштеп келе жатам. Жумушум өзүмө жагат".
Чыдамкайлыкты, жоопкерчиликти талап кылган ишинде ар кандай окуяларга туш болот. "Күн сайын түрдүү окуяларга туш болобуз. Бир күнү маанайыбыз көтөрүлсө, бир күнү маанайыбыз чөгөт. Ар кандай жүргүнчүлөр түшөт. Эми ар кандай адамдар бар да", - деген маектешим эсинде калган бир окуяны мындай деп эскерди.
"Мындан эки жыл мурун бир күнү кечинде жумуш бүтүп, троллейбусту токтотуучу авто базага токтотуу үчүн бараткам. Троллейбустун ичиндеги жарыктардын баарын өчүрүп койгон болчумун. Ичинде эч ким жок го деп ойлогом да. Көрсө бир жүргүнчү уктап калып, биздин автобазага чейин келиптир. Катуу чарчаса керек байкуш. Экөөлөп араң ойготподукпу. Андан да биздин ишкана илгерки болгондуктан баягы жүргүнчү ойгоно калып эле, таң калып эки жакты карап туруп калды. Советтер Союзуна келип калгандай болду окшойт. Каткырып, эшик кайсы жагында деген бойдон кетти. Негизи ушундай сыяктуу кызыктуу окуялар көп кездешет. Азыр Кудайга шүгүр, ишканабыз жаңыланып жатат. Азыркы жетекчи аябай жакшы иштеп жатат".
Маек учурунда каарманыбыз "мыкты троллейбус айдоочусу" болгонун кубануу менен айтып берди.
"Биздин башкармалык мэрия менен бергиликте сынак уюштурду. Ага 14 айдоочу катышып, мен 1-орунга ээ болдум. Кубануу сезими азыркыга чейин мени коё бере элек. Мелдештер башкармалыктын автобазасынын полигонунда өттү. Сынак эки этап менен жүрдү. Биринчи бөлүктө жол эрежесин, кызматтык нускамаларды жана техникалык маселелерди билүү боюнча тест тапшырдык. Теориялык негиздерден өткөндөн кийин тосмо жолдон троллейбусту айдоо чеберчилигибизди көрсөттүк. Менин оюмча мындай иш-чаралар айдоочулардын кесиптик чеберчилигин дагы да жогорулатууга жардам берет. 28-октябрда өлкөбүздө автотранспорт жана жол кызматкерлеринин күнү белгиленет эмеспи. Уюштурулган сынак ошол датага карата уюштурулду".
Жүргүнчүлөрдү аман-эсен дарегине жеткирүү башкы максатым деп билген каарманыбыз бала кезиндеги кыялы орундалганына ыраазы. Ар бир тармактын өзүнүн мыктылары болуш керек деп эсептейт. Ар ким өз жумушун берилүү менен жасап, ошол тармактын өнүгүшүнө аз болсо да салым кошкондо өлкөдө өнүгүү болот деп эсептейт.