ИИМдин Эргеш Алиев атындагы академиясынын саптык аянтчасында бүгүн, 26-октябрда 1-курстун курсанттары ант беришти.
Академиядан билдиришкендей, 128 курсант өз элине, Ата Мекенине кызмат кылууга ант беришти.
Салтанаттуу иш-чарага ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, ички иштер органдарынын генералдары жана ардагерлери, ИИМдин академиясынын профессордук-окутуучулук курамы, курсанттардын ата-энелери жана жакындары катышты.
"Салт боюнча салтанаттуу иш-чара ИИМдин академиясынын туусун көтөрүү менен башталды. Салтка айлангандай, Э.Алиев атындагы коомдук фонду тарабынан жакшы окуган курсанттарга стипендия берилди", - деп айтылат маалыматта.
Салтанаттуу иш-чара офицерлердин жана курсанттардын салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.