"40 күн өттү". Чек арада каза болгондорго багышталып куран окулду

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан 63 жарандын каза болгонуна 40 күн өттү. Буга байланыштуу бүгүн, 26-октябрда Баткенде шейит кеткендер эскерилип, куран окулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Кундуз Жоробекова билдирди.
Маалым болгондой, эскерүү иш-чарасына Президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев, Кыргызстан Мусулмандарынын аалымдар кеңешинин мүчөсү Абдүшүкүр Нарматов жана облустук мекеме ишканалардын жетекчилери, район акимдери, каза болгон жарандардын жакындары катышты.
Облус башчысы каза болгондордун жакындарына өлкө башчы Садыр Жапаровдун жана жеке өзүнүн атынан көңүл айтып, сабырдуулук каалады.
Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө каза болгондордун урматына багышталып куран окулду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан