Ошто 300 мегаваттык күн электр станциясы курулат. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
“Эки жума мурун Ошто кыргыз-орус биргелешкен инвестициялык форуму өткөн. Ошондо 300 мегаваттык күн станциясын курууга кол коюлуп, старт берилди. Бүгүнкү күндө долбоордун үстүнөн иш жүрүүдө”,- Ибраев.
Ошондой эле ал жакында электр эсептегичтер менен трансформаторлорду өндүрүү боюнча ишкана ачыларын кошумчалады.