7 миллионунчу Жакшылыкка удаа төрөлгөн кыздын ата-энесине 200 миң сомдук сертификат тапшырылды

Кечээ, 26-октябрда Таласта 7 миллионунчу Жакшылыкка удаа төрөлгөн кыздын ата-энесине 200 миң сомдун сертификаты тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Таластагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, ал Кара-Буура районунун Чолпонбай айылында төрөлгөн. Ымыркайдан президенттин Таластагы өкүлү Бакытбек Нарбеков кабар алды.

Облус башчысы кыздын атасын жана апасын президенттин атынан куттуктап, 200 миң сомдун сертификатын тапшырды.

Буга чейин жубайлардын бир кыз, бир уулу болгон.

Ал эми жети миллионунчу жаран Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрда түнкү саат 2:10до төрөлгөн. Анын салмагы 3,9 килограмм, бою 54 сантиметр экени айтылган. Жакшылык деген ысымды президент Садыр Жапаров ыйгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан