Садыр Жапаров Астанага иш сапары менен кетти. Өлкө башчыны коштогондор

Бүгүн, 27-октябрда президент Садыр Жапаров иш сапары менен Казакстандын Астана шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Мамлекет башчысы «Борбор Азия — Европа Биримдиги» лидерлеринин биринчи жолугушуусуна катышып, жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Кечинде Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Казакстандагы Маданият күндөрүнүн ачылыш аземине катышат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:

  • тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
  • Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
  • Кыргызстандын Казакстан Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Дастан Дүйшекеев;
  • Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов;
  • маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан