Бүгүн, 27-октябрда кышкы кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөөгө каттоонун соңку күнү. Бул онлайн жүргүзүлөт. Мындай маалыматты Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Кабарлангандай, тестирлөө 24-ноябрдан 30-ноябрга чейин өтөт.
"Ага каттоого мамлекеттик документ менен тастыкталган жалпы орто же орто кесиптик билими бар жана 2022-2023-окуу жылында ЖОЖдордо окубаган адамдарга жол берилет", - деп айтылат билдирүүдө.
Күзгү тандоо окуунун келишимдик формасы боюнча гана жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, ЖРТга катышууну каалагандар паспорттун жана күбөлүктүн түп нускасын көрсөткөндөн кийин жашаган жери боюнча райондук (шаардык) билим берүү бөлүмүндө тестирлөөгө жооптуу адам менен жеке кабинетин ачууга мүмкүнчүлүк алышы керек.
Кошумчалай кетсек, абитуриенттер каттоо акысын төлөбөсө ЖРТга катыша албайт.