Бишкек шаарынын Көлмө конушундагы Ала-Арча дарыясына көпүрө куруу иштери уланууда. Калаа бийлигинен кабарлашкандай, жумушту «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы жүргүзүүдө.
Ага ылайык, учурда асфальт төшөө үчүн пайдубалын даярдоо иштери бүткөрүлдү. Түштүк тарабына ирригациялык түйүндөр тартылды.
"Ушул жылдын аягына чейин көпүрөнүн ачуу аземи пландалган. Ошондой эле жогоруда аталган муниципалдык ишкана тарабынан 660 метр узундукту түзгөн конуштун Тендик көчөсүнөн баштап Жаш Гвардия бульварына чейин Мыскал көчөсүн оңдоо иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.