Эне тилге эки мүнөт: Жылаңач баатыр деп кандай адамдар мүнөздөлөт?

"Эне тилге эки мүнөт" рубрикабызда "ач кенедей асылуу", "жылаңач баатыр" жана "оозун куу чөп менен арчуу" фразеологизмдеринин маанилерине токтолобуз.

Ач кенедей асылуу - Ой-боюна койбоо, жабышып, суранып артынан калбоо, асыла берүү. Мисалы, Келин ач кенедей асылып жатып Күлүканга катты алдырган болчу («Ала-Тоо»).

Жылаңач баатыр - Өзүндө эч нерсе калбаса да колунда барын аябаган, эч нерседен тартынбаган, бир нерсеге кыйылып, кылчактап отурбастан шар кеткен, март, берешен адамдарга карата айтылат. Мисалы, Тезекбай ырчы тамырынын жылаңач баатыр, жоомарттыгына бу саам дагы топуктанды (Бейшеналиев).

Оозун куу чөп менен аарчуу - Колунда бар болсо да дайыма «жок» дей берүү, жоктон башканы айтпоо. Мисалы, Качан болсо, оозуңду куу чөп менен аарчып жүрөсүң (Байтемиров).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан