Эл өкүлү Тажикстандагы этникалык кыргыздар жөнүндө маселе көтөрдү

Тажикстан менен болгон мамиледен улам ал жакта жашаган этникалык кыргыздар кысымга алынып келген. Мындан улам алар аталган өлкөдөн чыгып кеткен. Бирок көпчүлүгү чет өлкөгө миграцияга чыгып кеткен. Эми алар же Тажикстанга бара албай же Кыргызстанга кире албай жатышат. Бул тууралуу маселени Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов билдирди.

"Учурда кыргыз улутундагылар Тажикстанга бара алышпайт. Себеби ал жакка барса кысымга кабылышат. Биздин өлкөгө да кире албай жатышат. Себеби Тажикстандын жараны. Ушул боюнча протоколдук тапшырма берип койсок жакшы болмок. Бул маселеге көңүл буруп койсок. Анткени алар кайрылып жатышат", - деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан