Кыргызстанда Спорт министрлиги түзүлөт. Парламент токтом чыгарды

Кыргызстанда Спорт министрлиги түзүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында эл өкүлү Эмил Жамгырчиев билдирди.

Эл өкүлү учурда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен спортту бөлүп, өзүнчө министрлик түзүү боюнча токтом долбоору даярдалып, төрагага сунушталганын айтты.

"Буга чейин спорт боюнча агенттик кылбай эле биротоло министрлик кылалы деген сунуш түшкөн. 1950-жылдан бери жөн гана агенттик болуп келген. Ошон үчүн бул тармакка жакшы көңүл бурулган эмес. Ал эми токтомдо эмне себептен министрлик кылуу керектиги боюнча жазылган. Учурда өлкөдө жарым миллиондон ашык дайыма машыккан спортчу бар. Азыр министрлик беш тармак менен иш алып баргандыктан спортко көңүл бурулбай жатат", - деди Жамгырчиев.

Эл өкүлү депутаттарды жана президентти аталган токтом долбоорун колдоп коюуга чакырды.

Белгилүү болгондой, өлкөдө Спорт министрлигин түзүү боюнча өткөн аптада депутаттардын колдоосу менен атайын токтом чыккан. Эми президентке сунуш катары жиберилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан